Мектеп бүтүрүүчүлөрү чогулткан стипендияларын кайрымдуулукка жумшашты (фото)

Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаарынын мектептеринин биринин бүтүрүүчүлөрү Кароосуз калган балдардын реабилитациялоо борборуна тамак-аш, ашканага керектүү буюмдарды тапшырышты.

"Биз бул балдар үйүнө жардам керек экенин интернеттеги социалдык тармактан окуп, 50 окуучу стипендияларыбызды чогултуп, өздөрү айткан керектүү буюм, азык-түлүктөрдү алып келип бердик. Бул биздин биринчи жолу жасап жаткан кайрымдуулук иш-чарабыз", - дейт уюштуруучулардын бири Марат Ниязов.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кайрымдуулук иш-чарасын ырчылар Анжелика, Куба Айтбосунов, кытайлык кыргыз ырчысы Макелек кызы Гүлмира жана телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева колдоп келишти.

Мындан сырткары "Датка" бий тобунун кыздары өнөрлөрүн тартуулап, иш-чаранын соңунда аларга кошулган балдар "Кара жорго" ырына бийлешти.

Бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук иш-чарасы
Кайрымдуулук иш-чарадагы "Датка" бий тобу
Кайрымдуулук иш-чарасы: Кытайлык кыргыз ырчысы Макелек кызы Гүлмира
Бүтүрүүчүлөрдүн кайрымдуулук иш-чарасы(2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aszyma
2016-06-04 20:35:16
Азаматтар!!! Жасаган Жакшылгынар эки эсе болуп кайтсын. Окуп алып аябай суйундум. Чыгаан инсандардан болгула.
+2
beka1207
2016-06-04 21:19:43
Абдан жакшы жоролго!
Бирок мектептерде стипендия берилишин билбептирмин.
+3
Urmat_83
2016-06-05 17:39:20
Берген нерсесин элге жарыя кылбай бериш керек.Алып барганы кичине бир нерсе,ырчы чоорчуларды алып барып бут Кыргызстанга жайышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан