Кечээ, 4-июнда Бишкекте жаштарга багытталган "TEDx: Элдин балдары" аталышындагы конференция болуп өттү.
Спикер катары "Кыял" тасмасынын автору Уланбек Эгизбаев жана тасманын каарманы Нургазы Жакшылыкбек уулу, Антарктидага барып кайткан Талгат Субаналиев, белгилүү жаш блоггер Элдана Сатыбалдиева, сүрөттөрүнөн түшкөн 200 миң сомду кайрымдуулукка берген Алия Шагиева жана башка жаш активисттер болушту. Жаштардын конференциясына билим жана илим министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев катышты. Уюштуруучулар конференциянын спикерлерин жаш муундарга үлгү болчу жагдайларына карап тандашкан. Жыйында спикерлер өздөрүнүн демилгелери жана жетишкендиктери тууралуу айтып беришти.
TEDx (Technology, Entertainment, and Design) - коомчулукка жайылтууга татыктуу демилгелерге арналган коммерциялык эмес уюм.