Жайкы туристтик маалда 2800 милиция кызматкери жана 600 ыктыярдуу кошуун коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы туристтик маалда жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоодо өлкө боюнча 2800 милиция кызматкери жана 600 ыктыярдуу кошуун коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ысык-Көл облусунда 550 милиция кызматкери жана ИИМдин атайын өздүк курамынан 150 кызматкер тартипти жөнгө салууга тартылат.
Аймактык ички иштер бөлүмдөрү жол кыймылындагы коомдук коопсуздукту жөнгө салуу максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Мындан сырткары чет өлкөлүк эс алуучулардын коопсуздугу үчүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылында милиция бөлүмү түзүлөт. Ал эми Бишкек-Торугарт жолунун 138-чакырымындагы Кубакы ашуусунда аймактык милиция пункту ачылмакчы.
"Азыркы тапта 32 курорттук-саламаттык сактоо мекемесинде 187 видеобайкоо орнотулган. Ал эми Ысык-Көл облусунун жолдоруна 81 видеокамера орнотулган", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.