2016-жылдын I кварталында “Түндүк электр” ишканасы абоненттердин дебитордук карызын өндүрүп алуу боюнча сотко 30 миллион 200 миң сомдон ашуун суммага 219 доо арызын жөнөттү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Анын ичинен “Түндүк электр” ишканасы Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын өндүрүш абоненттеринен дебитордук карызын өндүрүп алуу боюнча сотко 26 миллион сомго 55 доо арыз жана турмуш-тиричилик абоненттери боюнча 4 миллион 200 миң сомго жакын суммага 164 доо арыз жөнөттү.
"Соттун чечими менен 698 миң сомго 3 өндүрүш абонент боюнча жана 161 миң сомго 5 турмуш-тиричилик абонент боюнча “Түндүк электр” ишканасынын доо арыздары канаттандырылды. Өндүрүш абоненттер I кварталдын ичинде 4 доо арыз боюнча 1 миллион 100 миң сом, ал эми турмуш-тиричилик абоненттери 12 доо арыз боюнча 130 миң сом төлөштү. Калган 28 миллион сомго болгон доо арыздар соттук инстанциялардын кароосунда турат", - дейт ишкананын басма сөз кызматы.
Сотторго жазылган доо арыздардан сырткары төлөбөгөн абоненттердин дарегине дебитордук карызды өндүрүп алуу үчүн 49 миллион 700 миң сомго 475 доо каттарын жөнөткөн. Бүгүнкү күндө каттар боюнча 14 миллион 600 миң сомго жакын каржы төлөгөнү маалым болду.
"Жалпысынан дебиторлорго болгон доо арыздар жана доо каттар боюнча “Түндүк электрдин” кассасына 15 миллион 900 миң сом түштү", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2016-жылдын I кварталынын ичинде дебитордук карызы үчүн “Түндүк электр” ишканасы
50 176 абоненттери өчүрүүгө дуушар болгон.