Казакстандын Актөбө шаарында интернет өчтү, жарандардын көчөгө чыгуу эркиндиги чектелди

Казакстандын Актөбө шаарында террордук коркунучтун "кызыл" (жогорку) деңгээли жарыяланып, жарандарга тийиштүү мекемелерден SMS аркылуу билдирүүлөр келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда казакстандык маалымат булактары жазышты.

SMS-билдирүүлөрдө Актөбө шаарында терроризмге каршы операциялар жүрүп жатканы, өзгөчө зарыл иши болбосо шаардыктарга көчөгө чыкпоо өтүнүчү айтылат. Шаарда интернет байланышы токтотулду, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учуроо менен иштеп жатат. Көчөдө жүргөндөр аз, коомдук унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Шаар үстүндө тик учактар учуп жүрүшөт.

Маалыматтарга таянсак, Актөбө облусунун акими Бердибек Сапарбаев телеканал аркылуу аймактын жашоочуларына кайрылуу жасап, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 5-июнда аталган шаардагы 2 курал-жарак сатылган дүкөнгө жана аскердик бөлүккө кол салуу болуп, атышууда 6 адам каза тапкан. ММКларда кылмышкерлердин төртөөсү жок кылынып, жетөөсү кармалганы маалымдалды. Бир нече адам жаракат алган.

Актөбөдөгү куралчандар 05.06.2016
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
manas_skf
2016-06-06 10:55:06
Кечээ атышуу болуп жатат деп жатышкан, бүгүн так билдирүү берилиптир. Казак аскерлерине күч кубат берсин
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан