Саммитке байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилди

Бүгүн, 6-июнда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны башталды. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизди. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, саммит учурунда коомдук тартипти сактоого 700 милиция кызматкери тартылып жана төмөнкү көчөлөрдө унаалар жүрө албайт:

  • "Манас" аэропортунун бир бөлүгү жана Бишкекке кире берген аймак;
  • Жибек-Жолу көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Манас кең көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;
  • Чүй кең көчөсүнүн Ак үйдөн Манас кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Абдумомунов көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн мамлекеттик резиденциядан Абсамат Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Абсамат Масалиев көчөсүнүн (Түштүк магистраль) Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки бөлүгү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан