Борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө 7-июндан 9-июнга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Московский, Ибраимов, Сүйүнбаев, Абдумомунов, Жибек-Жолу көчөлөрүнүн жана "Аламүдүн" базарынын аймагында көгүлтүр от өчүрүлөт. Жаратылыш газын өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу болууда.