Шашылыш билдирүү! 6-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

6-июнда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 1-июнунда атайын телефонограмма чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилип, кошумча республикабыздын уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлгөн", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан