Ысык-Көлдүн Тамчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Чолпон-Ата шаарындагы "Рапопорт" аллеясындагы теректерди кыюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Дамир Иманалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Тамчы-Корумду жолун куруу долбоорунун алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рапопорт” аллеясында 200 түп терек кыйылды. Жалпысынан өкмөт 704 түп теректи кыюу чечимин чыгарган. Кыйылган жараксыз теректер жергиликтүү тургундарга отун катары бериле тургандыгын Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Дамир Иманалиев айтты.
“Учурда Тамчы-Корумду жолунун туурасы 7-8 метр. Долбоор боюнча жаңы жолдун туурасы 16 метрге чейин болот. Ошондуктан жолду кеңейтүү максатында Чолпон-Ата шаарындагы “Рапопорт” аллеясындагы теректерди кыюуга туура келди. Кыйылган теректердин чырпыктары жергиликтүү жашоочуларга берилет", - деди Иманалиев.