Бишкекте Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунда балдардын жаңы нейрохирургиялык операциялык блогу ачылды

Бүгүн, 6-июнда Бишкекте Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунда балдардын жаңы нейрохирургиялык операциялык блогунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматкери Канат Ирназаров билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев, Эл аралык неврология институтунун негиздөөчүсү Мажид Самии жана дүйнөгө белгилүү хирург-дарыгерлер катышты. Балдардын нейрохирургиялык операциялык блогунун оңдоп-түзөө иштерине жана жабдыктарына германиялык фонд 250 миң евро сарптаган.

"Эми жаңы ачылган нейрохирургиялык блокто башынан жаракат алган балдарга дарыгерлер заманбап жабдыктар менен операция жасай башташат", - дейт Ирназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан