Жайкы эс алуу сезонуна карата Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди 17-июндан тарта “Бишкек I” станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 6:25те. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтында маалымдалат.