Капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, реконструкциядан кийин Чүй кең көчөсүн кесип өткөн Аламүдүн суусунун үстүнөн өтчү көпүрө реконструкциядан кийин ачылып, ишке берилди.
Көпүрөнү реконструкциялоо иштери 2015-жылдын сентябрь айында башталган. Алгач көпүрөнүн туурасы 15 метрди түзсө, азыр ал 6 тилкелүү болуп, туурасы 19,2 метрге кеңейтилди. Жолдун эки четиндеги туурасы 3 метр болгон тротуарларды кошкондо жалпысынан 34 метрди түзгөнүн Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул көпүрөнүн реконструкциясына шаардык бюджеттен 39,9 миллион сом бөлүнгөн.