2016-жылдагы ажылык сапарга Ош облусунан 1255 жаран жолдомо алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Ош облустук казыяттын ажылык иштерге жооптуу адиси Ыйманали Матраимов билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы ажылык сапарга каттоо тартиби онлайн режиминде жүргүзүлүп, жалпысынан ажылык сапарга 1978 жаран онлайн тартибинде катталган.
"2016-жылдагы ажылык сапар үчүн Ош облусуна 1255 орун бөлүнүп, бөлүнгөн орундар облустун ар бир районунун калкынын санына жараша коэффициент менен бөлүнүп берилген. Ажылыкка каттоонун жыйынтыгына жараша Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда бөлүнгөн орундардын санынан катталган жарандардын саны ашпагандыктан, аталган райондордо чүчү кулак өткөрүлбөстөн эле жарандар автоматтык түрдө ажылыкка жолдомо алышты. Ал эми Кара-Суу районунун 3 айыл өкмөтүндө жана Кара-Суу шаарында, Араван районунун 3 айыл өкмөтүндө, Ноокат районунун 7 айыл өкмөтүндө жана Ноокат шаарында ажылыкка жарандар бөлүнгөн орундан көп катталгандыктан, электрондук чүчү кулак өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.