Бишкекте ысык суу 10-июндан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 4-5-июнь күндөрү оңдоп-түзөө иштеринен кийин суу түтүктөрү менен жабдуулар сыноодон өттү. Текшерүүнүн жыйынтыгында 28 жерде: жылуулук түйүндөрүнөн 21, бөлүштүргүч жылуулук түйүндөрүнөн 7 бузулган жер табылды. Алардын баары учурда оңдоодон өтүп жатат.
Бишкек шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, ысык суу менен камсыздоо 10-июндан тартып башталат.