Бишкектин Көк-Жар кичи районундагы жолдун бир бөлүгү жабылат

Көк-Жар кичи районундагы жолдун бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу унаалардын каттоосу үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолдун капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу 8-июндан тарта Көк-Жар кичи районундагы жолдун №38/1-1-2-9-9-турак үйдөн №1-үйгө чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабылат. Бул аймакта жолдорду жана сугат тармагын оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт. Ошондой эле айдоочулардан жолдорду алдын ала тандап айдоону өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан