Нарында “Нарын - Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн” деген аталышта IV Эл аралык инвестициялык форум өттү

Нарын шаарында 5-июнда “Нарын - Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн” деген аталышта IV Эл аралык инвестициялык форум өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форумга КРнын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун губернатору Пархат Турду баштаган 68 ишкананын жетекчилери, Ага-хандын өнүктүрүү тармагынын кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Ш.Кассим-Лакха, Нарын облусунун ишкерлери, кайра иштетүүчү ишканалардын ассоциациялары катышышканы маалым болду.

"Бул форум Нарын облусунун 2013-2017-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына, эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуу пландарына ылайык өткөрүлдү. Бул форумга жалпысынан 160тан ашык адам катышты. Форумдун башкы максаты болуп ата мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу менен тоолуу регионду экономикалык жактан өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду турмушка ашыруу, калкты иш менен камсыз кылуучу жаңы ишканалардын соода-экономикалык байланышын чыңдоо, ошондой эле бир катар социалдык долбоорлорду ишке киргизүү болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Форумда бир нече меморандумдарга кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан