Бириккен Араб Эмираттарында "1" номерлүү унаа белгиси 4,6 миллион долларга сатылды

Бириккен Араб Эмираттарындагы Ариф Ахмад Аль Заруни аттуу ишкер "1" белгисиндеги унаа номери үчүн аукциондо 4,9 миллион доллар төлөгөн. Эксклюзивдүү номердик белгилерди сатуу аукциону Шаржа шаарында болуп өткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Аль Заруни "1" белгисиндеги унаа номерин алуу үчүн канча сумма болсо да төлөөгө даяр экенин айткан. "Менин амбициям дайыма биринчи орунда" деген ишкер номерди жеке колдонууга алганын, кайра сатуу оюнда жок экенин билдирген.

Ошондой эле "12" белгисиндеги унаа номери 3 миң долларга, "22" - 6 миң долларга, "50" - 7 миң долларга сатылса, "100", "333" номерлери ар бири 8 миң доллардан сатылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aiba_00
2016-06-07 13:51:26
Бул номерди такса эле шумдук болуп кетчудой, акчаны сапырышып эмне кылааарын, каяка коротоорун билбеген кишилер болсо керек.
+5
Dalil
2016-06-07 14:04:28
Араптардан улгу алалы деп ойлоп журсом, жасаган ишин кара. Кайран гана акчалар. Канча жетимдин конулун которсо болмок ошол акчага.
+12
kg_boy__91
2016-06-07 14:34:00
Бюджетке пайда
0
Mirkgz-1990
2016-06-07 14:44:40
Өзүнүн акчасын өзү билетго дечи эмне кылышты бирок 5 млн долларга бир деген жазуусу бар темир алгычакты канча деген жаш балдардын өмүрүн сактап калган адамгерчиликтуу иш болсо керек эле арабтарда акчага зар болуп көз алдында баласы соолуп бара жаткан адамдар жок болсо дүйнөдө толтураго
+10
MAN-CITY
2016-06-07 15:09:37
Африкада канчалаган ачка жургон балдар бар, бир кусок нанга зар болуп журушот, булар болсо биз муслимбиз деп ысырапкорчулук кылып журушот 4,9 миллион доллорго миндеген беженцтерди тамак менен камсыздамак, ошолоргода ыйман берсин Аллахым.
+2
Emil0211
2016-06-07 15:11:01
Арабтардын ыйманынын алсыздыгы
+3
tashi62
2016-06-07 15:11:24
ХХХ калк
0
admin_portal
2016-06-07 15:37:49
tashi62, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
0
zhusubali
2016-06-07 15:19:37
араптардында мусулман капыры бар туугандар
+1
alievna.1989
2016-06-07 17:44:49
Араптар Кыргызстанга канчалаган мечит,медреселерди куруп берип жатышатго дагы кандай жардам керек озу
+1
Mirkgz-1990
2016-06-07 18:25:45
alievna.1989,ким кыргыздарга жардам берсин мечит салып берсин деп жатат Кыргыздарга эмес дүйнөдө акчанын айынан балдарынан же ата энесинен ажырап отурган адамдар толтура
0
Abospekova
2016-06-08 10:51:15
Mirkgz-1990, Сага мечиттин кереги жок болсо башкаларга керек. Алар салып бербесе сен салып берет белен...
0
Abospekova
2016-06-08 10:49:12
Булардын айлык маянасы жогору, андай акчаны тез эле табышат болуш керек, ал акча буларга гепта болбосо керек. Ушуларды эмне африканын балдары ачкабы, токпу кызыктырмак беле. Кызык экенсин сенда....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан