1-июндан тарта кыргыз жеринде автоунаалардын ээлерине жаңы номерлер бериле баштаган. 3 жумуш күнүнүн ичинде жалпысынан өлкө боюнча 2252 комплект номер берилди. Муну менен бюджетке 1 миллион сомдон ашык каражат түшкөнүн Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күнүнө 750 комплект номер берилип жатат. Аймактар боюнча бөлүп караганда, эң көп номер Бишкектеги айдоочуларга (1112 комплект) берилди. Андан кийинки орундарда Чүй облусу
(316) менен Ош облусу бар (311).