Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведев жаратылыш паркында болушту

Кечээ, 6-июнда президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев "Ала-Арча" жаратылыш паркын аралап сүрөткө түшүшкөнүн бүгүн президенттин жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына жайгаштырды. Буга чейин Дмитрий Медведев Инстаграмдагы жеке баракчасына "Тянь-Шандын тоо этектеринде" деген аталыштагы сүрөттү жарыялап, анын баракчасына жазылган 2,2 миллион окурмандын 51,5 миңи "жакты" деген белгини басышты.

Белгилей кетсек, Медведев бир канча убакыттан бери фотоаппарат менен тартып жүргөн сүрөттөрүн Таиланддын борбору Бангкок шаарында көргөзмөгө койгон. Арасында кыргыз өлкөсүндөгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп, жалындап күйүп ат чаап бара жаткан чабандестин жана Семёнов капчыгайында жергиликтүү элдин жылкы айдап бара жатканы тартылган сүрөттөрү да бар эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sirgak_92
2016-06-07 16:05:57
Atambaevge jakshy bir stilist kerek da kiim jaktan
+18
Ibi86kg
2016-06-07 16:07:47
Жакшы жакшы, дуйного таныла берсин Кыргыз жерибиз.
+7
rukopashnik
2016-06-07 22:38:22
Ibi86kg,ал стилисти да укпайт да, өз билгенин кылат,алтыным биз оңолобуз, Кудай буюрса деп..
+2
Munar8625
2016-06-07 16:15:55
Медведив менен Атамбаев селфи жасап жатабы 2чи суротто
-1
shustryiboi
2016-06-07 16:16:13
Дуйно элин суктанткан ыйык жер Кыргызстаным
+5
spanchik
2016-06-07 16:17:47
Yiii, jakshynakai ele kiyinip alsa bolmok , menin baikemdin da ushundai sportifkasy bar ele.......
+8
Oldboy
2016-06-07 22:08:03
spanchik,кыргызда.
-1
islamchik
2016-06-07 16:28:15
жашнакай еле жарашып туратко ))
+13
skarpion-90
2016-06-07 17:25:44
Бирөөнүн жашоосун сатировка кылганча өзүңдүн жашооңду упаковка кыл дейго
+9
tashi62
2016-06-07 18:41:06
Сатып жибереби деп корком.
-4
chingizhan01
2016-06-07 22:45:43
Классический койноктун сыртынан спортивка кийип алыптыр
-1
Sagy
2016-06-07 23:12:13
chingizhan01, Тоодо калтырап титиресен эгер сен, ак койноктун устунон чапан кийгенге да даяр болмоксун!)
0
admin_portal
2016-06-09 11:35:33
Abospekova, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан