Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2017-жылга бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүшөт

8-июндан 30-июнга чейин Чүй облусунун аймагында 2017-жылга жергиликтүү бюджеттерди талкуулоо боюнча коомдук угуулар өтөт. Угууларды 12 муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштурууда. Иш-чара жарандардын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен 2017-жылга жергиликтүү бюджетти түзүү процессине калкты тартуу аркылуу өз ишинде айкындуулукту жана ачыктыкты камсыздоо максатында өткөрүлүп жатат.

"Коомдук угууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө катышуучулар атайын даярдалган таратып берме материалдарды алышат. Алар: калк үчүн түшүнүктүү тилде жазылган бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү, жарандык бюджет, күн тартиби, бюджет боюнча сунуштарды жана пикирлерди жазчу бланк, иллюстрациялуу материалдар", - деп айтты “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун өкүлү Азамат Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан