СУПЕРСТАН: "Аял кишилердин 60 пайызы күйөөлөрүнүн көзүнө чөп салып, эркек кишилердин 99 пайызы ала жипти атташат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ала жипти аттоо эмнеден келип чыгат?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ал нерсе адамдын өзүнөн болот, эгерде жолдошун сыйласа, анда эч качан андай кылбайт. Бирок мында да болушу мүмкүн".

"120 пайыз кепилдик берем. Жолдошторунун көзүнө чөп салып, ала жипти аттабаган, жүрөгүндө коркуу сезими жана намысы болгон адамдар бар".

"Менимче, аял кишилердин 60 пайызы жолдошунун көзүнө чөп салып, эркек кишилердин 99 пайызы ала жипти атташат".

"Напсини тыя албагандан жана бири-бирине өчөшүүдөн келип чыгат. Жалпысынан шайтандын азгырыгынан".

"Биринчи кезекте көңүл калуудан, өчөшүүдөн келип чыгат. Кээде күйөөсү достор менен чогулуп отурганда аялын сүйүп-күйүп жатса да "капысынан" мас абалында, ала жипти аттап коюшу мүмкүн".

"Үйдөн таппаган нерсени эркектер да, аял киши да сырттан издейт экен. Ошондуктан экөө тең бир-бирине уялбастан көңүлүнө жаккан нерселерди кылуу керек дейм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
eldar.
2016-06-07 18:06:04
. Теманы окуп "Не Кыргызстанда аял заты ушундай бекен" деп ойлоп кеттим.Бул корсоткучунор Европа, Америкида болушу мумкун, балким мындан дагы коптур. Бирок биздин аял затыбыз мынчалык эмес, коп болсо 5-6%, балким мындан дагы аз.
+1
FIRDAUS
2016-06-07 19:22:18
eldar.,жанылышасын коп эле нерсени коруп журом Кыргызстанда 30 % уй булолуу аял заты зына кылат
+1
Urmat-1989.
2016-06-07 18:32:45
бир нерсе жазайын десем банга жиберип ийет го деп атам))
0
nargis
2016-06-07 19:13:02
Кулагыбыз укса да козубуз копбосун ,кудайым кошконум менен кошо карыйын жана бардык уй булоого бакыт каалайм.
+3
Bahira
2016-06-07 19:45:18
Тооба мен куйоомон коркпойм болгону катуу суйом сыйлайм,ээрин корбосо тобобуздо баарын коруп билип туруучу АЛЛАХ бар акыретти ойлойлу мусулман бир туугандарым
+6
Munar8625
2016-06-07 19:50:47
Теманы Нарындын тургундары ачканго дейм
0
gulmira96
2016-06-08 00:36:28
Munar8625, оозуна карап суйлочу, нарындын тургундарынан башкалар периште бекен, мисалы сен?
-1
new_hacker
2016-06-08 13:25:13
Munar8625,эмнеге Нарын
0
Muttlu
2016-06-07 19:51:02
Апыртып ийишкен гооооо... Байкуш кыргыз кыз келиндер анчалыкка барышпаса керек,биздин эркектер башынан эте катуу кармап алышат....
+1
shirinai
2016-06-07 21:24:13
Муну кайсы статистикага таянып жазган билбейм. Башка мамлекеттерде болушу мумкун. Кыргызстанда да бардыр бирок анчалык коп эмес . Кудайга шугур кыргыз кыз келиндери уй булого туруктуу келишет. Куйообуздун козуно чоп салуу ары турсун, ал жонундо ойлонууга да коркобуз.Баарыбыз бактылуу бололу.
+4
tynya91
2016-06-07 21:48:37
Такыбалык менен кудайдан коркуу менен мындай нерселерден тыйылып туруш керек жыргал убакыт отуп кетет куноо калат сенде ал отуп кетпейт жооп беруучу кун келет ертеби кечпи.
+1
ruslanz
2016-06-07 23:30:02
Бул сандарга кошулам, эгер омурундо бир жолу дегендер да кошулса. Ал эми такай (регулярно) болсо аялдар-20%, эркектер 40%. имхо.
0
bond0202
2016-06-07 23:57:00
бул нерсенин несин талкуулап нервинерди коротуп атасынар,илгертеден болуп келген дагы да боло берет
0
Josef
2016-06-08 00:45:39
Эркектер тоюп калганда сол жака барат аялдар ачка калганда деп айтылып келет. Кыргыздарда 5% 30% эле болот го мисалы Баткенде
+1
chakieva87
2016-06-08 05:33:02
Кыскасы кыздарыбызга ыйман берип уулдарыбызга нысап берсин Аллахым
0
mister_bond
2016-06-08 09:27:51
А дейсин Б дейсин ар бир адамга дегеле эркеке, аялга ынсап брсин.ынсап бербесе бекер камап койсон да кылам десе кыла берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан