ЖЫЛНААМА, 7-ИЮНЬ: Ливияны 42 жыл башкарган соң өлтүрүлгөн Муаммар Каддафи бүгүн 76 жашка толмок

Ливиянын саясий жана аскерий ишмери, өлкөнү президент катары 42 жыл башкарган Муаммар Каддафи тирүү болгондо 76 жашка толмок. Ал 1940-жылы 7-июнда Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөн.

9 жашында башталгыч, анан Себха шаарындагы орто мектепте окуп, үй-бүлөсүндө эң биринчи болуп орто билим алган. Мектепте жүргөндө 16 жашында ошол учурдагы системди кулатуу үчүн жаштардын арасында жашыруун уюм түзгөн. Анда 1949-жылы Ливия Италиядан бошонуп, падыша Идрис Iнин бийлигинде турган.
Каддафи Египеттин лидери, социалист, панарабист Гамал Абдел Насерден көп таасир алган. Бийликке каршы демонстрацияларды уюштуруу менен алектенгендиги үчүн ал мектептен айдалган. Каддафини айрымдары 1964-жылы Ливия университетинде юристтик адистикке ээ болгон дешсе, кээ бири 1963-жылы тарых боюнча бакалавр дипломун алган дешет. Окуп жүргөндө университеттин Аскер академиясынын кечки курсуна угуучу катары катышкан. Ал окууда дайыма үлгүлүү окуучу, курсант экенин көрсөткөн. 1965-жылы аскерге чакырылган. Кийинчерээк Британия аскердик колледжинде 10 ай бронетанка иши боюнча окуган.
Айрым маалыматтарга караганда, Каддафи өзүнүн жеке демилгеси менен башчылардан санкция албай аскер бөлүгүн 1967-жылы 6 күндүк согушка Египет аскерлерине жардамга жиберип, атын чыгарып алган. Кийин падыша Идрис чет өлкөдө жүргөндө, 1969-жылы 1-сентябрда жаш офицерлер арасында кутум уюштуруп, Триполиде хан сарайын, өкмөттүк мекемелерди, теле, радио имараттарын басып алып, Ливияны республика деп жарыялаган. Каддафи козголоңчулардын лидери катары жарыяланып, Революциялык башкаруу кеңешинин жана Жогорку башкы командачы постунун жетекчилигин ээлеген. Төңкөрүштөн кийин ал полковник наамын алган, бирок 1976-жылы генерал-майорлукту алса да полковник аталып жүрө берген. 1970-1972-жылдары Ливиянын коргоо министри жана премьер-министрлик расмий постун ээлеген. Муаммар Каддафи 1969-жылдан 2011-жылга чейин өлкөнүн башында турган.
Ал эми 2011-жылдын 20-октябрында Ливиянын мамлекет башчысы, аскердик ишмери Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bosmos777
2016-06-07 17:56:17
Тарых тактап, Оз ордуна койор! Кыргыздын качкындарына караганда ! Баатыр,Элинин чыныгы башкаруучусу!
Бу кишини тушуром дегендер жыргаап жаткандыр. Бирок Эли жана Африка олкосунун жарандары жумуш издееп,дениз бетинде чогууп жатат.Бул башкарып турганда. Мамлекетинде жашоо кее бир Европанын жашоосунан жогору болгонун.Азыр жазып жатышат.
+3
eldar.
2016-06-07 18:00:52
Бул кишинин тушунда ливиялыктар бейиште гана жашап жатышган. Кайсы аарына митингке чыгышты, тушунбойсун. ЦРУнун тузагына илинип, туура эмес кылып алышты.
+13
bazar
2016-06-07 18:14:25
eldar.,Сирия менен Ливия экөө эки башка мамлекет
+1
eldar.
2016-06-07 18:30:04
bazar,
Ливияны Сирияга алмаштырып алыпмын.)))
0
tynkatar03
2016-06-07 18:12:31
Бул адам бийликте турганда почти бут баары бекер болгон экен олкосундо медицина коомдук транспорттор университет пенсия пособие жогорку суммада толонунуп... Жооттор эле тубуно жеткен экен кайран кишинин
0
pixel2015
2016-06-07 18:54:14
Мед айымдардын айлыгы 1000$ эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан