Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 6-июнда Бишкектин Достук кичи районундагы өрт кырсыгынан жабыркагандардын дарылануусу үчүн 500 миң сом бөлдү. Каражат президенттин фондунан бөлүнгөнүн президенттик аппараттан билдиришти.
Эскерте кетсек, 6-июнда саат 18:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Фучик көчөсүндө газ ташуучу унаа жарылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. 5 жүк ташуучу унаа өрттөнүп, газ ташуучу 2 цистерна жарылган. Унаа токтоочу жайдын жанындагы өрттөнгөн имараттын чатыры күйүп, өрт 180 чарчы метр жерге чейин жайылган. Коопсуздук эрежелери сакталбай, бир унаадан экинчи унаага газ өткөрүлүп жатканда өрт чыккан. Анын кесепетинен 10 адам жаракат алып, №4-ооруканага жиберилген.
Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин 2-бөлүгү (мүлккө келтирилген зыян) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда ооруканага жаткырылгандардын ичинен 6 адамдын абалы оор болууда.