Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши 11-июнда Ош шаардык кеңешинин жыйындар залында биринчи жыйынын өткөрөт. Негизги максат - өкмөттүн токтомдорунун аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө.
Жыйынга өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, Ош облустук жана шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери катышат.
Жыйында Ош облустук жана шаардык ички иштер органдарынын жетекчилеринин отчёту угулат. Ошондой эле өкмөттүн токтомдорунун аткарылышы тууралуу ИИМдин борбордук аппаратынын жооптуу кызматкерлери баяндама жасашат.
ИИМдин басма сөз кызматы жогорудагы жоболор, бул маселелерди чечүүгө багытталганын белгиледи.
Милициянын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, жарандык институтту өнүктүрүү үчүн биргеликте иштеп, мыйзам бузуунун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ички иштер органдарындагы кызматташтыкты жана коомдук өнөктөштүктүн негизин бекемдейт.
Ички иштер органдарына болгон даттанууларга убагында жооп берүү коомчулук тарабынан баа берилип, милициянын натыйжалуу иши көрсөтүлөт. Жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жана коомчулуктун бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат.
Кесиптик даярдоо тутумун өркүндөтүү жана жогорку квалификациядагы зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик этика талаптарына жооп бергидей болушу керек.