SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Максим Галкиндин хан сарайы" аттуу видео жүктөлдү (ник: Chupakabra).
Белгилүү шоумен, алып баруучу, пародист, ырчы, актёр Максим Галкин Орусиянын Биринчи каналында "МаксимМаксим" аталышындагы жеке көрсөтүүсүн алып барууну баштаган. Анын эч кимге окшобогон, ар дайым тамашалап сүйлөгөн сүйлөө стили, коноктор менен баарлашуусу көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт.
Эл арасында "атактуу ырчы Алла Пугачёва экөө укмуштай чоң хан сарайда жашашат" деген кептер көп айтылып келет. Кезектеги көрсөтүүсүндө Максим Галкин ал сөздөрдү жокко чыгарып, көрүүчүлөрдү примадонна менен жашаган үйүнүн сырдуу бөлмөлөрүнө экскурсияга алып барат... Чынында эле ал кандай хан сарайда жашайт, видеодон көрүңүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.