Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жоюлду. Өкмөттүн токтомунун негизинде тиешелүү буйрукка аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду.
МСКнын борбордук башкармалыгын кыскартууга ведомствонун башкаруу түзүмүн реформалоонун, оптималдаштыруунун жана салык органдарынын кайталанма функцияларын жокко чыгаруунун алкагында ишке ашырылган, башкаруунун “район-борбор” деген эки деңгээлдеги тутумуна өтүү негиз болгон.
Бишкек салык кызматынын бошотулган кызматкерлери борбордун райондорунда ишке орноштурулушат.