Ош шаарындагы Абжалов көчөсүнө көгүлтүр от берилди

Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Макамбай Абжалов көчөсүнө көгүлтүр от берилди.
Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шакир Зулимов, “Газпром Кыргызстан” ишканасынын Оштогу филиалынын жетекчиси Рашид Тагаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, мэрдин атынан М.Исраилов бул көчөгө көгүлтүр от түтүктөрүн жеткирүү боюнча маалымат берди. “Аталган көчөнү көгүлтүр от менен камсыз кылуу иштери эки этаптан турду. Биринчи этабы 2008-жылы башталып, 2000 метр газ түтүгү тартылган. Калганы акча каражатынын тартыштыгынан токтоп турган. Курулуш объектисин жандандыруу максатында Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2015-жылы титулдук баракчага киргизген. Курулуш иштери өткөн жылдын сентябрь айында башталган”, - деди М.Исраилов.

Достук жана Жапалак айыл аймагында жайгашкан Абжалов көчөсүнө тартылган көгүлтүр от түтүгүнүн жалпы узундугу 3850 метр, жалпы суммасы 4 миллион 518 миң сомду түздү. Газ түтүгү тартылган аймакта 30га жакын көчө, 600дөй үй жайгашкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ош шаарынын 215 кварталына 1056 метр жерге, Жапалак айылына 3411 метр жерге көгүлтүр от тартылып, шаардыктарга пайдаланууга берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos777
2016-06-08 15:25:17
Соонун кабар! Анан (газ)дебей! Когултур от дегенибиз.Кубандырат.!
+1
gul-bibi9109
2016-06-09 07:22:55
ООО менин туулуп оскон жерим сагындым аябай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан