SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Апама "менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт" дедим" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен башынан эле апама айтканмын, менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам. Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса, бул мен үчүн эң чоң ыза". Автору - Данияр Айтман.
"Элибизде мындай макал бар: "Эри сыйлабаган аялды балдары да сыйлап жарытпайт". Кайран гана эне, балаң үчүн турмуштун тозогун көтөрүп, чыдап келесиң. Карыганыңда "апам кыйналган, сен кыйналба" деп апасына келинди кызмат кылдырбаса, эссиз бала... Эне кургур канча азап чексе да, чарчап-чаалыгып турса да баласынын "апаке" деп талпынганын көргөндө бардык нерсе унутулуп, жан дүйнөсү "балам" деп жыргап калат го. "Ушу балам чоңойсо колума кол, бутума бут, акылыма акыл болот" деген үмүт менен уул чоңойтосуң. "Апа, келиниң кызмат кылбайт, демек, өз арабаңды кылдыратып, кара казаныңды аса бер" деген экен да. Ансыз деле шору каткан замандаштарым (классташтарым) 60ка жашы жетсе да кара казан өзүндө, неберелер жонунда, үйдүн көр оокаты мойнунда".
"Аябай туура кыласың! Чыныгы азамат сен турбайсыңбы. Бирок силер да азаматтарды чоңойтуп жатпайсыңарбы, алар да силердин жолуңарды кайталайт деген ой келбей элеби? Эсиңде болсун, кайтар дүйнө деген бар".
"Мен авторго окшогон балдардын апаларын тааныйм. Мен жашаган үйдө 5-6 орус кемпир бар. Алардын балдары балалык милдет, келиндери келиндик милдет деген түшүнүктөн алыс адамдар. Ошого алар апаларын жалгыз таштап кетишкен. Алар азыр батирлеринде жалгыз жашашат. Өздөрү азык-түлүк алып келип, өздөрү тамак жасап жешет. Бирөөсүнүн үйү канча айдан бери тазаланбай сасып кеткен. Бирөөсү неберелери жок болгону үчүн эртең менен көчөдөгү мышыктарга тамак берет. Бирөөсү таң атпай туруп подъезддин алдын шыпырат. Бири эртең менен таштандыга барып бир нерселерди терет (сатып акча кылганга болсо керек)".
"Эртеңки күнү өзүңөр да карыйсыңар, ошондо балдарыңардын жубайлары да "биз кызмат кылбайбыз" дешсе кандай болот? Апаңыздын эмгегин баалабаса, апаңыз сиздин жубайыңыздын кызматын баалайт. Андай адамдар сөзсүз баалашат. Апаңыз ошол силер деп иштеп жүрсө керек. Апаңызды жубайыңыздан төмөн көрбөңүз. Ушул эрезеге сизди ата-энеңиз жеткирген. Кызматтан эч ким өлгөн эмес. Илгеркиден жашоо азыр жакшыраак, техника өнүккөн".
"Ал баланы 9 ай көтөрүп ким төрөдү экен? Энесинин ошончолук кыйналганын көрүп "апама жардам берсин, колунан жумушун алып, чайын берсин" дебейби? Аялын апасынан бийик көрсө, ал жигит жыргап жашабайт. Макул, аялын сыйласын, ал жакшы, бирок апасына антип кызмат кылдырбаганы туура эмес. Эртең карыганда балдары да аялы көзүнө алтын көрүнүп кетип калганда энесинин баркын билет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.