"Тазалык" муниципалдык ишканасына шаар ичиндеги таштандыларды жыйноочу 32 атайын унаа берилди

Бүгүн, 8-июнда "Тазалык" муниципалдык ишканасына шаар ичиндеги таштандыларды жыйноочу 32 атайын унаа Европа биримдигинин делегациясы жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы башчысы Чезаре де Монтис жана башкалар катышты.

Буга чейин 2016-жылы январь айында "Бишкектеги катуу таштандыларды башкаруу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында орусиялык "Мценск" коммуналдык унаа чыгаруучу заводу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Менчик муниципалдык башкармалыгы 29 таштанды ташуучу унаа алып келүү боюнча келишим түзүшкөн. Андан тышкары "Рост-Трейд-Компани" компаниясы менен 3 айкалышкан жол унаасын алып келүү келишими да түзүлгөн.

"Бишкек шаарына салтанаттуу түрдө дизель күйүүчү майы менен иштеген, кондиционер жана жылыткычы бар 2015-жылы чыгарылган МАЗ үлгүсүндөгү 3 айкалышкан жол унаасы тапшырылды. Бул унааларда кум чачуучу жана суу чачып, жуучу жабдуулар бар. Мындан бөлөк артынан жүктөлчү 28 таштанды ташуучу жана 1 мультилифт таштанды ташуучу унаалары берилди. Булар учурда шаар боюнча жаңыдан орнотула баштаган евроконтейнерлерден таштандыларды чогултууга ылайыкташылган", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Abospekova
2016-06-08 16:43:17
Жакшы жанылык экен. Жанар менен Чубактагы талашып жазышып аткандар, бияка деле баш багып койсонор боло..
0
Abospekova
2016-06-08 16:44:11
Эми кандай иштешет болду экен, аныда коро жатарбыз.
+1
Almaz-93
2016-06-08 16:45:00
Бузулбай копко кызмат кылсын.
+3
tyrgon
2016-06-08 21:40:07
Мусорду кайра иштетучу завод бербейби зачем машину
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан