Стамбулдан учуп чыккан, балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган Боинг 737-800 учагы бүгүн, 8-июнда алгачкы ирет "Манас" аэропортуна конду. Учакты жергиликтүү авиакомпаниялардын бири 50 миллион долларга сатып алган. Анын кире беришинде Көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөндүктөн, эми учак кыргыз өлкөсүн даңктап, аталган оюндарды жарнамалайт.
Бул учак Кыргыз Республикасында мындай класстагы экинчи учак. Анын узундугу 39,9, бийиктиги 12,5 метрди түзөт. Канаттарынын аралыгы 34,3 метр, аянты 125 чарчы метрге барабар. Мындан ары учак мекендештерибизге жаңы багыттарды ачмакчы.
Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катышууда.