Ош: Өткөн жылдын ноябрь айындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга акчалай жардам берилди

8-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 2015-жылдын 17-20-ноябрында Ош шаарында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн зыянга учураган IV даражадагы 34 жеке турак жай ээлерине акчалай жардам тапшырды.

Мэриянын маалыматына таянсак, жер титирөөдөн жабыр тарткан шаар тургундарына жакындан жардам катары чет мамлекеттерден, министрликтерден, ведомстволордон, мекемелерден, ишканалардан, коомдук бирикмелерден жана жеке ишкерлерден акча каражаты келип түшкөн. Ошондой эле өкмөттүн буйругунун негизинде Ош шаарынын мэриясынын атайын эсебине 3 миллион 816 739 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев табият кырсыктары кайталанбасын деген тилегин билдирип, жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга мамлекет тарабынан колдоо болуп турарын билдирди.

“Эң негизгиси, адам өмүрү кыйылган жок. Ал эми келип түшкөн акча каражатын IV даражадагы жабыр тарткан 34 жарандын ар бирине 112 257 сомдон бөлүп берип жатабыз. Бул мамлекет башчысынын жана өкмөттүн жеке тапшырмасы. Кырсык айтып келбейт экен. Элдин ынтымагы, биримдиги, мекенчилдиги ушундай учурларда билинерин сезип отурабыз”, - деди Кадырбаев.

Кадырбаев бөлүнүп жаткан акча каражатын жеке көзөмөлгө алып, ар бир жабырлануучуга өз колу менен талондорун тапшырды.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын 18-ноябрынан 2016- жылдын 16-февралына чейин шаар аймагындагы жабыркаган жарандардын арыздарынын негизинде 265 социалдык объекттер жана жеке турак жайлар жеринде иликтенип, жыйынтыгында III даражада 55 жана IV даражада 34 жеке турак жай кооптуу деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан