Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолуна коркунуч жаратууда

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, күндүн катуу ысышына байланыштуу 2016-жылдын 9-июнунда саат 06:30да Чүй районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун 68-чакырымында Чүй суусунун деңгээли көтөрүлүп, жол четин жей баштаган жана унаа жолун жеп кетүү коркунучу жаралган. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Аталган дарыянын суусунун агымынын кадимки ылдамдыгы секундасына 61,7 метрди түзсө, учурда секундасына 169 метр болууда, ал эми коркунуч жараткан ылдамдыгы секундасына 190 метрди түзөт. Аталган чакырымга Чүй районунун №34-Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын унаалар жиберилип, тиешелүү иш-аракеттер уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
SHAHDAR
2016-06-09 11:25:06
Иии билдируу жазап отура бергиле. шагыл ташып жургон ховалардан 10 ду айдатып барып тогуп салгыла да. Андан арыраак эле веосовой контроль пункту жайгашкан. Ошолорго эле тапшырма берип койсонор. 20 хова токтуруп салат. 1 кун чонтокторго эмес элине иштеп коюшса деле болот.
-2
bahbrat
2016-06-09 11:36:25
Ооба сага. Сын тагып эле отурсанар болду силер, оозунар менен орок оруп тим эле. Жазып атпайбы тийиштуу техникалар чыкты деп. Эми кабар дагы жазбаш керекпи.
+2
vestel
2016-06-09 12:13:44
Jaman yldam agatgo bul daryia
0
Inna_91
2016-06-10 10:23:04
Жолго жакын калыптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан