SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркелетүүнүн пайдасы жана зыяны" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эркелеймин деп жетекчиден жаман сөз уктум. Эркеликти кантип коёмун?"
"Мен да эркеликтин азабын көп тартып келем, эркелик качан калат?"
"Үйдүн кичүүсү болгонум менен, эркелөө укугумду пайдаланып көргөн эмесмин".
"Эркелик да бир учурда керек нерсе. Мен мурда апам менен атама эркелечүмүн. Азыр алардын алдында кадыресе чоң, үй-бүлөлүү адаммын. Бирок жолдошума эркелейм, бардык эркелигимди көтөрөт. Кээде уулумдун эркелиги жолдо калып, эркетай апа болуп уулума да эркелеп алам".
"Эркелөөчү адамга эркелеп турган да жакшы нерсе. Эркелик деле өмүр бою калбоочу адаттардын бири окшойт".
"Мен дагы сүйлөшкөн кызыма эркелейм. Мен ага кечинде жатарда эркелесем, ал мага эртең менен аябай эркелейт. Ошондо ага кыжырым кайнайт, бирок билдирбегенге аракет кылам. Анткени кечинде эле өзүм ага эркелешим керек болуп каларын билем".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.