Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы 13-июндан тарта жанданат. Маалыматты "Манас" Эл аралык аэропортунан билдиришти. Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек каттамы аптанын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ишке ашырылат. Бишкектен саат 11:30да учкан British Aerospace-140-200 учагы Жалал-Абад аба майданына саат 12:35те конуп, кайра 13:15те Бишкекке учуп турмакчы.
Белгилей кетсек, Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы бир нече жылдан бери туруктуу иштебей келет. Аба каттамы 2015-жылдын 28-декабрында кайра жанданып, бирок көп өтпөй токтоп калган.