Балыкчы-Корумду жолу туристтик сезонго толук даяр эмес, Рапопорт аллеясындагы дарактар кыйылууда (фото)

Туристтик сезондун ачылганына 1 ай болгонуна карабай Балыкчы-Корумду жолу сезонго толук даяр эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көлдөгү аймактык кабарчыбыз бүгүн, 9-июнда билдирди.

Быйыл Ысык-Көлдө жайкы сезон 7-майда башталган, бирок өлкөнүн жүзү болгон унаа жолдору дагы эле оңдолуп бүтө элек. Күндүн ысыгында жол жүрүүнүн өзү оңой эмес. Ал эми оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдо жүрүү чет өлкөлүк туристтер үчүн гана эмес, борбордон жана өлкөбүздүн башка аймактарынан барган эс алуучуларга да кыйын.

Эске салсак, Транспорт жана коммуникация министрлигинин планы боюнча Бишкек-Балыкчы-Торугарт жолун оңдоо иштеринин негизги бөлүгү 2015-жылы бүтүшү керек болчу, бирок бул план ишке ашкан жок. Жайкы сезонго аз калганда мындай кырдаал туристтер менен иштешип жан баккан жарандардын маанайын бузбай койбойт. Тургундардын "II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чейин бүтүп калар" деген үмүтү бар.

Балыкчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Рапопорт аллеясындагы дарактар кыйылып жатат. Убагында коомдук активисттер бул аллеянын ордуна Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата унаа токтотуучу жайдын курулушуна каршы чыгып, 2014-жылы вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаевден дарактарды кыюу ишин тезинен токтотууну талап кылган. 2016-жылы мурунку премьер-министр Темир Сариевдин Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолун кеңейтүүдө Рапопорт аллеясындагы дарактарды кыйбай, башка жолдорду карап көрүүнү тапшырган. Транспорт жана коммуникация министрлиги башка жолун таппагандай, азыркы учурда аллеядагы теректер кыйылууда.

Балыкчы-Корумду жолу оңдолууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tashi62
2016-06-09 16:43:18
Жазда жаткан кышта каткан
+1
12.12.12
2016-06-09 17:08:27
Рапопорт аллеясы кыйылбаса жакшы болмок, соонун корк берип турчу эле
+3
dedadilet
2016-06-09 17:09:19
Канчалаган бак дарактар э эми аны минтип эчким экпейт эксе да оспойт антип
+1
taalai9411
2016-06-09 17:19:05
dedadilet, не-оспойт ордуна кайра 2000 мин тук отургузулат деген булар сроктон отуп-кеттиптир бубуларга кеминде 70-80жыл болуп тур буларга коп дегенде 50жыл жашай экен
-1
aibars
2016-06-09 17:56:55
Оюндун башталаарына аз калды. Кантип жетишет эми?
0
bek.94
2016-06-09 17:58:48
иподром бутпочудой корунотко.
0
ukueva88
2016-06-09 21:15:59
Кайдан бутот жол, иштеген техникалардын,жумушчулардын айлыгы берилбесе 3 айдан бээри ана-мына беребиз деп бербей жатса..жумушчулардын бири чыкса,бири чыкпайт экен жумушка,чыкса дагы конулдору жок,.
0
ss90
2016-06-10 10:19:19
жолду кыйын болуп башташкан....жол ондогон киши жок....бактарды кыйып коюшту...булдургонго эле жакынбыз!!!!башка мамлекеттегилер укмуш ондоп тузошот экен... бизди...ар ким оз жаеыбызды ойлойбуз!!!!Аман эле болушсун жанагы жеп жутаарлар!!!!
+1
Nasyrkg
2016-06-10 14:22:38
Алыбай алына ченеп иш кыл дечу беле эхх кыргыз кыргыз кай жерде болсо башаламан аягына чыкмай жок акча жемей солярка сатмай озунукуно уй салмай машына ала коймой бети ачылганда пара бере коюуп креслону таштап башка орунга жономой.кудай таалам ушундай жерди кор кылбай япондорго эле берсе болмок экен башка мамлекеттердин шаарларын коргондо жети омурун жерге кирет аттин Бишкек байкуш шаарым заправка менен машина базарга майда майда батирлерге акча издеген жаштарга толдун го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан