Чубак ажы Жалилов УКМКга суракка чакырылды

Диний ишмер Чубак ажы Жалилов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өзү билдирди. Учурда Жалилов УКМКнын имаратында.

Айта кетсек, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылган.

Чубак ажы Жалилов 8-июнда долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын айтып, аларды айыптап кайрылуу жасап чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (124)
hanisa
2016-06-09 15:32:18
Чубак Ажы бар болунус,сизди аябай сыйлам
0
Мэри
2016-06-09 15:40:06
Чубак ажынын мурунку иш-аракетине эмес, учурдагы, сөз болуп жаткан (депутаттарга карата) кадамына, айткан сөздөрүнө баа берсек туура болмок. Колдонуучулардын дээрлик баары Чубак ажыны сыйлашат, урматташат экен, аны шейхке теңешиптир, бирок ал да пенде экенин, биз сыяктуу адам экенин, ал да катачылык кетирерин эске алып, дал ошол сөзүнө карата калыс пикирлерди калтырсак жакшы болор эле.
Менимче, Чубак ажы бул ирет чоң жаңылыштык кетириптир. Ошого карабай калыстыктан тайып жатабыз, айрымдары
+7
Msto005571
2016-06-10 02:19:53
Мэри,эн туура
0
salihalady
2016-06-09 15:40:21
Жанар Аллахтан коро америкалыктарга кобуроок ишенет окшойт го
-6
Almaz-93
2016-06-09 15:44:43
Чубак ажыга бир нерсе болсо мен коргойм мусулман бир тууганымды!!
+2
Qnet
2016-06-09 15:56:32
Супер инфо,Чубак ажы менен байланышып билдирип турунуздарча эмне болуп жатканын?
+6
admin_portal
2016-06-09 16:04:48
Almaz-93, провакациялык билдирүүлөргө тыюу салынат! 3 күн БАН!
0
Ledy_feya
2016-06-09 16:06:55
Жанар Акаев 5+ чубактын колдочулары эс алгыла.
-6
jyldyza_s
2016-06-09 16:18:24
Жанар Акаев бир кезде азаттыкта иштеп жургондо укмушс стендаптарды жасап креслону Ак уйдун алдына алып барып коюп алып бул креслого отурган адам соссуз озгорот деп чиновниктерди катуу сындачу эми болсо тушунуктуу
-2
kobra86
2016-06-09 16:23:04
Аллахты суйгон пенде эч качан эч жерде эч темкеге алдырбайт! жанарга Аллахым озу экертуу берет ошентседа биз Аллахтан сурап дуа кылабыз жанарга ыйман берсин деп!
-1
adyl.por
2016-06-09 17:04:55
акаев азамат эл сени менен
-9
adyl.por
2016-06-09 17:06:32
чубак ажы кичине кечиримдүү болуңуз мусулмандардын абыр ойуйна шек келтирбей
-1
ALSUXAN
2016-06-09 17:18:14
Чубак ажыга расмий эскертуу берилген болсо Жанарга Аллах озу жаза берет! Ин шаа Аллах
+4
orun
2016-06-10 04:50:56
ALSUXAN, ХХХ ХХХ ХХХ!!! Амин!!!
-1
admin_portal
2016-06-10 13:14:29
orun, этика нормаларын сактап, ачууга алдырбаныз!
0
AIZAD
2016-06-09 18:05:29
Ак ийилет, бирок сынбайт!
+4
PatriotKG01
2016-06-10 01:22:25
Жанар Акаев мамлекетинде гейлердин темасы чыкканда жон эле отурат эле го оозуна а тамгасы келбей,эми ата -бабасынын динине асылып кереги жок болчу,андан коро ошол гейлердин темасы чыкканда ушундай катуу чыкканда аброюу далайга которулмок.
+3
admin_portal
2016-06-10 11:40:17
orun, суроо, сунуш, ын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан