"Эдил №50-СИЗОдон качты, өмүр бою эркинен ажыратылды, бирок уулум чымынды да өлтүрбөйм дечү", - дейт Эдил Абдрахмановдун апасы Эркебүбү Абдрахманова.
Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-СИЗОдон качкан кылмышкер Эдил Абдрахмановдун апасы Эркебүбү Абдрахманова SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Эдил №50-СИЗОдо 2010-жылдан бери жатат. Баламды өмүр бою эркинен ажыратып жиберишти. Артында чырактай болгон 1 уул, 2 кызы, жубайы калды. 2010-жылы балам камалганда 24 жаштагы жигит эле.
Эдил бала кезинде абдан боорукер болчу. Жадакалса адамдар көңүл бурбаган чымынды өлтүрүүгө колу барбай, бөлмөдөн жууркандын сырты менен кууп чыкчу. Кыргыздын канында бар асыл сапат баламда да бар экенин байкагам. Ар бир адамдын колунан келе бербеген меймандос, кең пейил болчу. Үйгө бейтааныш адам келсе да жан-алы калбай киргизип, жок дегенде нан ооз тийгизип чыгарчу".
Эдил Абдрахмановдун апасы уулунун алдыга койгон максаттары жөнүндө да айтып берди: "Апа, мен шартка байланыштуу жогорку окуу жайынан окубай калдым, аскерге да барбадым. Эми мен каражат чогултуп, чоң бизнес баштаймын. Сиздерди татыктуу багып, мен жетпей калган максаттарыма балдарымды жеткирем" деп көп айтчу. Эми минтип Кудайдын жазганы болуп, өмүр бою эркиндикти эңсеп абакта жатат".
"Абактагы кызматкерлерди өлтүрүп качкан кылмышкерлердин арасында Эдил да болгон. Бирок соттук отурумда аны менен чогуу качкан Музафар Уринов айтып жатпайбы, "Эдилдин колуна балка берип, абактын күзөтчүсүн өлтүр десе боору ооруп өлтүрбөй койгон" деп. Ошондон улам "бала кездеги боорукердик сапаты азыркыга чейин сакталып калган турбайбы" деп ойлоп калдым. Эдилдин дагы бир айтканы бар, "Мен күнөөсүз камалып кеттим. Тагдырга жазганы ушул экен, апа, кейибеңиз" деп.
Улуу балам жүрөк оорусунан каза болуп, Эдилим минтип өмүр бою темир тор артында калды. Эч бир эне мендей болуп армандап, жүрөгү сыздабасын", - деп кошумчалады Эркебүбү Абдрахманова.