9-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Фирмалык аталыштар жөнүндө” мыйзам күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Юстиция министрлигинин берген маалыматына караганда, ушу тапта юридикалык жана жеке жактарды каттоонун бирдиктүү тизмеги түзүлүүдө. Ошондон улам мурда мыйзамдарга киргизилген жол-жоболордун зарылдыгы болбой калган. “Фирмалык аталыштар жөнүндө” мыйзам жокко чыгарылуу менен бирге Граждандык кодекске, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.