Баш калаанын Достук кичи районундагы газ ташыган унаалардан чыккан өрттөн жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
"6-июнда саат 18:00дөр чамасында 10 жаран күйүк менен кайрылды, алардан 9 киши жаткырылган, бирөөнө алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 6 бейтаптын абалы өтө оор болчу. Үчөө 100 пайыз күйүк алгандыктан каза болуп калышты. Каза болгондордун эң жашы 26, экөө 46, 47 жашта экен.
Дагы үчөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Аларга "жалын учурунда денесинин 70-90 пайызы күйүп кеткен" деген диагноз коюлган. Учурда абалдары оор бойдон калууда. Президент тарабынан 500 миң сом бөлүнүп берилген. Бардык дары-дармектер менен камсыздалып, дарыгерлер колдорунан келген аракеттерин көрүп жатышат. 90 пайыз күйүк алуу - бул жашап кетүүгө 90 пайыз мүмкүнчүлүгү жок дегендей эле. Эми калганы бир гана Кудайдан.
Ал эми калгандарынын абалы канааттандырарлык. Алардын денесинин 10-15 пайызы күйүк алган. 2-кабаттан кулаган өрт өчүрүүчүнүн кабыргасы сынып кеткен. Азыркы убакта ал дарыланып жатат. Оорулуулар дагы узак убакыт дарыланышат", - деп билдирди А.Кубатбеков.
Ооруканада көзөмөл күчөтүлүп, катуу тартипте иштеп жатышкандыктан, башка дарыгерлер оорулуулар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты. Жандандыруу бөлүмүндө жаткандарды көрүүгө жадакалса туугандарына да уруксат берилген эмес. Ошондой эле жеңилирээк жаракат алды деген оорулуулар менен көрүшүүгө мүмкүн болгон жок. Алардын туугандары да "Бул окуяда кимди күнөөлүү деп эсептейсиз?" деген суроого жооп берүүдөн баш тартып коюшту.