Кечээ, 8-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте калаага светодиоддук электр чырактарын орнотуу иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
“Шаарсвет” Ош электр жарык тармактар ишканасына 3 миңден ашуун электр энергиясын үнөмдөөчү, башкача айтканда, светодиоддук электр лампалар алынып келинип, учурда алардын 2850 даанасы шаардын негизги көчөлөрүнө орнотулду. Алмаштырылган эски үлгүдөгү лампалар шаардын жарыктандырылбаган экинчи көчөлөргө орнотулат.
"Жаңы алынып келинген светодиоддук лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда 3,5 эсе электр энергиясын үнөмдөйт. Буга чейин шаарды түнкү жарык менен камсыз кылуу үчүн болжол менен жылына 14 миллион сом акча каражатын жумшаган болсок, жаңы электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды колдонуу менен жылына 4 миллион сом акча каражатын жумшап калабыз. Светодиоддук электр лампаларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлүп, жалпы тендердик баасы 43 миллион 600 миң сомду түздү. Шаарды түнкү жарыктандыруу менен камсыз кылуу - бул тургундардын коопсуздугун сактоо. Ошондуктан 2017-жылы шаардагы жайгашкан бардык 640 көп кабаттуу үйдүн айланасы да толугу менен жарыктандырылат”, - деп билдирди мэр.
Шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, светодиоддук электр лампаларынын кепилдиги 5 жыл, кызмат кылуу мөөнөтү 15 жылга чейин, түнкүсүн ак түстө болуп жанат.