"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы мажүрүм талдар кыйылбайт

"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы мажүрүм талдар кыйылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

"Соода борборунун жетекчилиги фонтан комплексиндеги мажүрүм талдардын бирин да кыйбай турган болду. Учурда "Жашылдандыруу" ишканасы менен талдардын тамырларын бекемдөө жолдору тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Жакынкы арада мажүрүм талдарды кыюу пландары жок. Алар тургундарга кооптуу болсо гана кыйыларын билдиришти" , - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Учурда көрктөндүрүү долбоорунун алкагында түтүктөр, электр өткөргүчтөр, насостук станциялар алмаштырылып, фонтандын түбү бетондолууда. Андан соң фонтанды жасалгалоо иштери башталып, тоскучтар, майда көпүрөлөр, суу ичкенге бара жаткан тулпарлардын түшүрүлгөн элестери орнотулуп жана дагы башка декорация элементтери кошулат.

Эске салсак, фонтан комплексинин жаңы долбоору боюнча чириген мажүрүм талдар кыйылмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
new_hacker
2016-06-09 18:17:26
Аман эле болгула
+11
Bermet_Kasymova
2016-06-09 21:39:20
Ои ичи ункур го)
0
ss90
2016-06-10 10:11:27
тубундо отурган бироону басып калганда анан кыябыз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан