Бүгүн, 9-июнда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башы районундагы суу тосуучу дамбалардын абалын карап чыкты. Акыркы күндөрү күндүн ысышы менен суунун көлөмү чоңоюп, дамбаларды жырып кетүү коркунучун жаратууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, облустагы Коргонуу кеңешинин мүчөлөрү менен жолуккан учурда Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеев суунун ылдамдыгы секундасына 130-150 метр кубга чейин жетип жатканын айтты.
Ак-Муз айыл аймагына караштуу Өмүке жана Малатай каналдарынын жээктери желип, 50 метрге чукул аралыктагы жолдун ортосу түшүп кеткен. Ага тушташ сайдын жээгиндеги 35 киловольттук үч зым карагайдын кулап кетүү коркунучу бар. Алардын ордун которуу зарылчылыгы боюнча "Чыгыш электр" ишканасынын башкы жетекчилигине билдирүү жиберүүнү облус башчы буюрду.
Учурда Нарын облустук суу чарба башкармалыгынын 10 техникасы жана 2 бригадасындагы 38 адам аталган каналдардын жээгине 150 габиондук тор коюп жатат. Коркунуч туудурган аймактарга дагы 600 габиондук тор керектелерин адистер билдиришти.
Андан соң дубан башчы тиешелүү мекеме жетекчилери менен Ат-Башы айылынын тушундагы дарыянын жээгине барды. Суунун көлөмү чоңойгондуктан, айыл четиндеги 10дон ашык үйдү суу каптап кетүү коркунучу бар. Сууну бөгөп калуу үчүн 16 техника менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге жергиликтүү жаштар топурак жана шагыл төгүп дамбаларды бийиктетүү аракетин көрүшүүдө.
А.Кайыпов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоевге аткарылып жаткан иштерге керектелүүчү 1 тонна күйүүчү май берүүнү тапшырды. Мындан сырткары тиешелүү мекеме жетекчилерине суунун көлөмү көбөйүп кеткиче 2-3 күн аралыгында түнкүсүн дагы иштеп дамбаны бекемдөөнү милдеттендирди.