Муфтият Чубак ажы менен Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, атайын билдирүү таратты

Кыргыз мамлекетинин Мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн, 9-июнда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин ортосундагы пикир келишпестик коомдун тынчын алып, дүрбөлөңгө салганы жана муфтият Чубак ажынын Акаевге карата айткандарына кошулбай турганы белгиленген.

"Жума намазы ар бир мусулман үчүн парз амал. Бул талашсыз маселе. Ал эми мыйзам чыгаруучу тараптан бул долбоор колдоо таап, кабыл алынган болсо, Дин башкармалыгы катары жалпы элге түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн терең ыраазы болобуз.

Чубак ажы өз билдирүүсүндө айтып, “мен ал киши менен бир дасторкондо отурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм” деген жана башка ушул сыяктуу сөздөрү ал кишинин өзүнө гана таандык. Айтылган ой-пикир жеке кишинин пикири экендигин дагы бир жолу белгилеп, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы бул ойду тең бөлүшө албастыгын билдирет.

Мындай улуу айда жашап, Жараткандан берилген жакшылыкка ээ болуу менен ал жакшылыкты кадырлай албай калуубуз чоң жаңылыштык. Андыктан эки тарапты элдешүүгө жана кечиримдүү болууга чакырат элек. Кечиримдүү айда ким алгач кол сунса, жасаган амалы үчүн чексиз соопко жетүүсү шексиз. Аты аталган эки киши элибиз үчүн кызмат кылып келген азаматтар катары, алардын ар бири жасаган аракети менен жумурай журттун кызыкчылыгы аркасында пикир келишпестикке жетти деп билебиз. Кыргызда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп айтылгандай, ким болбойлу, Орозо ай урматында бири-бирибизден кетирген кемчиликтерибиз үчүн кечирим сурап, ортодогу бир туугандык сезимибиз, жакындык алакабыз жана адамдык пейилибиз түз боюнча сакталып калуусун Жараткандан суранабыз!

Социалдык тармактарда тарап-тарап болуп, ар ким өз тарабын талашып, кайым айтышуу жакшылыкка алып келбейт. Динибиздин эң жогору койгон талабы - адам укугу, абийир-намысынын сакталуусу. Бири-бирибиздин укугубузга, абийир-намысыбызга доо кетирип, натыйжада орозо амалыбызды да жокко чыгарып албайлы, урматтуу мусулман жамааты. Жеке амбиция же кызыкчылыктар дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт", - деп айтылат билдирүүдө.

Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (74)
kenen
2016-06-10 10:00:11
SUPER
-1
admin_portal
2016-06-10 10:13:33
aiza_84, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
0
radyakiz
2016-06-10 10:15:57
Эки доо урушса ортодо чымын кырылат болуп атат
0
Aselina_kg
2016-06-10 10:30:42
Ажы туура айтат.Ошол жегичтерибиз онолсо,олкобуздо жашоо жакшырат беле деген жакшы умутда.....
+1
admin_portal
2016-06-10 10:47:53
PatriotKG01, alas, daiyrbekov_91, Msto005571, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2016-06-10 10:53:21
alas, сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланышы түбөлүк БАН!
+4
aash
2016-06-10 11:00:31
Чубак Ажыны; “мен ал киши менен бир дасторкондо отурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм”-деген созунон кийин мен коп сыйлабай калдым.
-2
tabyshmak
2016-06-10 11:11:59
"Жаназасына турбайм" дегидей Чубак Ажы билип коюптурбу кимге канчалык омур берилгенин? Же эмне, аша чаап, Кудайдан жогору суйлой беруу Ажыларга жараша береби?
-1
admin_portal
2016-06-10 11:48:52
.jindijigit, жеке айтышуулар купуяга!
-3
modern-group
2016-06-10 12:27:48
дарт десе эле СДПК суйлосун!
-6
admin_portal
2016-06-10 12:55:06
SweetLady, жеке айтышууларга купуя кат бар! Этика нормаларын сактаңыз!
0
tynara81
2016-06-10 15:18:22
Бул мыйзам жеке депутаттар үчүн эмес да. Бүт мамлекеттик ишкана- мекемелер үчүн да. Көпчүлүк пайызын аялдар түзгөн ишканалар бар. Мисалы, поликлиникага алыстан келип, түшкү тыныгууга чейин жетишпей калсаң, 2 саат эмне кыласың. Эки саат тыныгуудабыз закон боюнча деп, ишканада отурганы да кабыл албайт. Намазга барчууну эч ким тыйбай атат го. Бул мыйзам өтүп калса деле жаман эмес.
+1
etaj_rus79
2016-06-11 19:57:32
жума намаз фарз биринчи бизди жараткан Алланын приказын аткарыш керек анан закон чыгаргандардын айтканын угабыз бир саатка эчтеке озгорбойт менимче
+1
RaHat19
2016-06-12 07:49:27
жумага убакыт болуш керек экен ошол жумадан чыканда таанып тааныбай эле бири бирне жакшы соз айтып намазы менен кутуктайт.баарды адамдардын ойу жакшылык болот.ошондуктан намазынар кабыл болсун дейли
+1
jake.402
2016-06-12 19:07:23
Жараткандан коркбогондор, акыретте ушу саясатчылар жардам бермек беле... 24 сааттын 1 саатын жаратканыбыз учун кетириш кыйынбы? Ансыз деле 24 сааттын 15 саатын эс алып эле откорушот, ыйман деген болуш керек да туугандар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан