Нарын шаарында 9-июнда саат 17:17 чамасында Бусурманкулов көчөсүндө жайгашкан канализациялык-насостук станциянын 5 метр тереңдигинде “Нарын суу-канал” ишканасынын 3 кызматкери тазалоо иштерин аткарып жаткан учурда ыплас суудан чыккан газга ууланып каза болду. Ошондой эле дагы 2 кызматкер "Тез жардам" кызматы тарабынан Нарын облустук ооруканасына жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, каза болгон 3 кызматкердин сөөктөрүн чыгарышып, “Нарын суу-канал” ишканасынын жетекчилигине өткөрүп беришкен.