Бүгүн, 10-июнда футболчу Алмазбек Мирзалиев 29 жашка толду. Ал 1987-жылы Ош шаарында туулган. ОшМУнун дене тарбия жана спорт факультетин аяктаган. Алмазбек Мирзалиев 2003-жылы карьерасын Ош шаарындагы "Авиатор" клубунда баштап, 2007-жылы канттык "Абдыш-Атанын" курамына кошулган. Канттык клуб үчүн жүздөн ашык гол киргизген. 2013-жылы келишим аяктаган соң "Алай", 2015-жылдын январь айынан баштап "Дордой" клубунда ойноп келет.
2013-жылы футболчу жергиликтүү клубдар үчүн киргизген голдорунун санын 10дон ашырып, ысымын Алмаз Чокморов атындагы бомбардирлер клубуна кыргыз өлкөсүндөгү клубдар үчүн киргизген.
2007-жылы 21 гол, 2013-жылы 20 гол киргизип, өлкө чемпиондугунун мыкты бомбардири аталган.