Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркаган жарандарга патрулдук милиция кызматкерлери кан тапшырышууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда SUPER.KG порталына Жол-патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Жол-патрулдук милициясынын жүздөгөн кызматкерлери өрттөн жабыр тартып жандандыруу бөлүмүндө жаткан жабырлануучуларга кан тапшырышты.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Достук кичи районунда газ ташыган унаадагы газды экинчи унаага которууда өрт чыгып, 12 адам жабыркаган. 12 адамдын ичинен 6 адам оор абалда №4-шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бирок 3 бейтап ооруканадан каза болуп калды.