Кыргыз өлкөсүндө сурамжылоонун натыйжалары керектөө чыгымдары боюнча эсептелген 2015-жылы жакырчылыктын деңгээли өлкө боюнча 32,1 пайызды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Улуттук статистика комитети маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көп. Айыл жерлеринде жакырчылыктын деңгээли 1,0 пайыздык пунктка, шаар жерлеринде 2,4 пайыздык пунктка көбөйгөн. 2015-жылы жакырчылыктын чегинде 1 миллион 931 миң адам жашаган. Анын ичинен 67,7 пайызы айылдык жашоочулар болуп саналат.