SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз кайсы кесиптин ээсисиз, айлыгыңыз канча?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кесибим боюнча мугалиммин, бирок андан кутула албай жүрөм. Дагы бир кесибим - оператор, бугумду бир гана видеокамерадан чыгара алам. Режиссёр болгонго даярдыктамын".
"Мен тилдерди үйрөнгөндү абдан жакшы көрүп, биринчи котормочу адистигине ээ болдум. Көп тил үйрөндүм. Дүйнөнү кыдырсам деген ниет менен тилдерди үйрөндүм. Тил билүү аздык кылат экен, ошол себептен финансист адистигин да алдым. Эми жакшы жумуш табылар деп ойлойм".
"Мен азыр түркология бөлүмүндө окуйм, бирок кичинемден бери адвокат болгум келет. Анткени кыргыз өлкөсүндө коррупцияга малынган соттордун айынан канчалаган бейкүнөө адамдар түрмөдө отурушат. Абакка түшкөндөрдүн 10 пайызы гана оңолуп же мурунку адамдык касиетин сактап чыкпаса, калган 90 пайызы кылмышкер же оорулуу болуп чыгышат".
"Келечекте элчиликтерде иштегим келет. Кытай жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн дипломат болууну кыялданам. Максатымды ишке ашыруу үчүн талыкпай окуп жатам. Балким, келечекте дипломат болуп жүрүп саясатчы дагы болуп калармын".
"Мен мурда тиш дарыгери болгум келчү, тилекке каршы, ал адистикке окуган жокмун. Диплом боюнча кеңсе башкаруучусумун, бирок азыр дүкөндө кампа башчысы болуп иштейм. Маркетолог болгум келет, быйыл коомчулук менен байланыш бөлүмүнө тапшырганы жатам, келечекте мугалим болом деген ниетим бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.