Депутаттар 17 жашка толо элек өспүрүмдү никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлаган ата-энени 3 жылга түрмөгө камоо демилгесин сунушташты

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында жашы жете электерге карата зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Демилгечи депутат Рада Туманбаеванын айтымында, учурдагы Кылмыш-жаза кодексине 5 өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Алар:

1) Зордуктоо жасаган кылмышкер жазадан бошоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Түшүндүрмө: зордуктоо үчүн каралган жазанын төмөнкү чеги бир жылга көтөрүлүп (5 жылдан 6 жылга), бул кылмыш оор деп аныкталган кылмыштардын катарына кошулат.

Оор кылмыштар боюнча жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу калган эмес.

2) "Никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо максатында жасалган зордуктоо" деген жаңы норма киргизилип, бул кылмыш өтө оор деп аныкталат жана 10 жылдан 15 жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3) 18 жашка толо электерди зордуктоо үчүн жаза күчөтүлөт, 15 жылдан өмүр бою эркиндигинен ажыратууга чейин. Азыркы колдонуудагы Кылмыш-жаза кодексинде бул кылмыш үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган эмес.

4) 17 жашка толо элек адамды никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо үчүн жаза күчөтүлүп, 100 миңден 200 миң сомго чейинки айыпка же болбосо 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазалат. Бул ченем ата-энесине, туугандарына карата да иштейт.

5) Жашы жете электерди зордуктоо сыяктуу өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу үчүн жаза күчөтүлүп, 5 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат. Азыркы мыйзамга ылайык, 4 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Талкуунун жыйынтыгында фракция бул мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altunbek78
2016-06-10 11:52:53
ушул мызамдар кагаз бетинде калбай иштесе, мыйзам бузгандарды СМИ ге жарыяласа, аял кишилеге жана жашы жете эле кыздарга жакшы болду. Жашы жете элек оспурумдорду зордукттого мыйзамды аттуу деп киргизип койсо болмок.
+4
modern-group
2016-06-10 12:22:28
кара далыларга байып калабызго
-3
Asyl19.09.90
2016-06-10 12:59:24
modern-group,кайдагы кара далы 97,98,99турмушка чыгып жатышса али жыйырмага чыга элек.турмуштун тсында билишпейт тошокту эле элестетип алышса керек.бир таанышыбыздын 95-жылы кызы экинчи куйоого тийди ушу жакшы эми туурале закон деп ойлойм 20дан кийин тийгиле дешсин
+3
barakcha
2016-06-12 21:00:54
Жаш токол алгандардын шору го бул закон?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан