Мухаммед Алини акыркы сапарга узатууга мушкерлер, Режеп Тайип Эрдоган жана 14 миң күйөрман катышты

Кечээ, 9-июнда АКШнын Кентукки штатынын Луисвилле шаарында легендарлуу мушкер Мухаммед Алини акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Зыйнат диний жөрөлгөлөр менен коштолуп, Freedom Hall аренасында болду. Анда билеттер сатылганы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Аны акыркы сапарга узатууга бир катар бокс чеберлери, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган баштаган көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмерлер катышты. Мушкердин сөөгү 10-июнда жерге берилет.

Кошумчалай кетсек, Кассиус Марселлус Клей (чын аты) 22 жашында ислам динин кабыл алып, Мухаммед Али деген ысымды алган.

Мухаммед Алини акыркы сапарга узатуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
jetinur90
2016-06-10 11:12:08
Билеги менен да,акылы менен да атагы ашкан улгулуу мусулман эле. Кудай Ырахматына алсын бир тууганыбызды.
+25
Araika
2016-06-10 11:24:06
Уй булосу жонундо маалымат бериниздерчи
+8
aziziko
2016-06-10 12:01:42
Araika, Мухаммед Али 4 жолу уйлонгон ошол 4 аялынан 7 кызы 2 баласы бар дагы 2 кызы Мия жана Калия никесиз торолгон. Ошол менен анын 11 баласы бар . Биринчи аялы менен ал мусулман динин кабыл албагандыгы учун ажырашкан. Экинчи аялы 4 бала торогон жана озунун адын Халила Али деп озгорткон. Учунчу аялынан 1 кызы боксёр жана Мухаммед Али ошол аялынын досун суйуп калып ажырырашып аялынын досуна уйлонгон жана Муххамед Алинин байлыгын коротпой бизнеске салган акылдуу аял экен.
-6
ekaterinburg
2016-06-10 11:40:34
Мындай инсан жуз жылда бир жаралуучу инсан.Жаны бейиштен орун алсын ылайым!!!.Оомийин!!!
+9
flow23
2016-06-10 12:37:28
Ыйманы саламатта болсун, бул чындыгында кучтуу, эрктуу инсан. Кара терилуу адамдар куугунтукталганда алардын абалын коомчулукта бир топ которгон Жана сыймыгы болгон
+4
Nasyrkg
2016-06-10 13:01:07
УилСмит менен Ленникс Луис сооктун башына турат деп жатышпады беле корунбойт го
-1
bokochooo
2016-06-10 13:09:57
Nasyrkg,Мусулман эмес го алар анда ошого караса керек
-2
shuru-kg
2016-06-10 13:27:11
Кызык эле... суротторду карасанар, чалмачаны деле, кепкачаны деле, молдосу деле, жону деле телефон чукулап... ушу кантип болсун эми.
+5
new_hacker
2016-06-10 23:23:56
shuru-kg,жакшылап карасан Куран окуп жатат окшойт Арабча жазуларды окуп жатат
0
L_Messi
2016-06-10 13:38:56
Жайы жаннаттан болсун
+3
ss90
2016-06-10 14:22:42
гробдон алып чыгып комушоор бекен...?!
0
kyrgyz_girl
2016-06-10 17:27:04
мына сага, жашоону ушундай жашап от.....
0
KaiMak
2016-06-11 03:59:35
анакей сага президент улуу башын кичик кылып зыяратка келип сап башында туруптур. А биздикичи?? Акча жонотуп коюпле отурат...
0
vabank
2016-06-14 11:10:17
Калпакчан кыргыздар да жүрүшөт экен.
https://www.[moderated]/watch?v=Bvq5BJL9e4U
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан